Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Казак опера жана балет театры Кыргызстанга келет


7- 10-ноябрь күндөрү биринчи жолу Бишкекте Абай атындагы Казак мамлекеттик опера жана балет академиялык театры гастролдо болот.

Коңшу мамлекеттин театры А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын сахнасында көрүүчүлөргө “Юнона и Авось” рок-балетин, "Ромео и Джульетта” балетин, “Лебединое озеро” балетин жана балет жылдыздарынын гала-концертин тартуулайт.

Азыркы учурда аталган театр Евразия аймагындагы ири театрлардын бири. Казак опера жана балет театрынын сахна чеберлери Францияда, Германияда, Италияда, Япония, Түркия, Кытай, АКШ жана башка өлкөлөрдө өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG