Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Эттингер: Украина- Орусия газдын наркын бычышты


Украина менен Орусиянын газ сүйлөшүүсүндө 21-октябрда олуттуу жылыштар болду. Евробиримдиктин энергетика комиссары Гюнтер Эттингердин билдиришинче, жетишилген макулдашуунун бир бөлүгүнө жараша Украина жыл аягына чейин Орусиядан төрт миллиард куб метр “көгүлтүр отун” сатып алууну мерчемдөөдө:

- Биринчиден, биз газдын баасын бүгүнтөн баштап марттын аягына чейин сүйлөштүк. Бардык өнөктөштөр 1 миң куб метр газдын баасы 385 доллар болсун деп макулдашты. Орусиялык өнөктөштөр ушул баага кепилдик беришти. Аны өкмөт да, парламент да өзгөртө албайт.

Эттингер 1-ноябрга чейин Украина Москвага 1,4 млрд. долларды, жыл соңуна чейин калган 1, 6 млрд. долларды төлөп берерин да билдирди. Орусиянын энергетика министри А. Новактын айтымында, Украина 1 миң куб газ үчүн 385 доллар төлөйт, бул өткөн аптада алар талап кылгандан 100 долларга арзан. Жаңы жылга чейин Украина 5, 3 млрд. доллар карызын төлөп берүүсү үчүн Биримдик жоопкерчиликти өзүнө алыш керек,- деп кошумчалады Новак.

Маалымдалгандай, Украина-Орусия газ сүйлөшүүсү 29-октябрда Брюсселде улантылат.

XS
SM
MD
LG