Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Мамытов: “Ислам мамлекети" тобуна каршы аракеттер ЖККУ деңээлинде каралышы керек


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы ЖККУга мүчө мамлекеттер чогуу иш-пландарды ойлонушу керек. Аларды жок кылуунун механизмин дыкат иштеп чыгуу зарыл.

Мындай пикирди бүгүн Бишкекте “Ислам мамлекети” тобу жаратып жаткан коркунучтарга арнап 24.kg агенттиги уюштурган тегерек столдо генерал-лейтенант, “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов билдирди. Ал “Ислам мамлекети” тобунун аракеттери дүйөнөнүн бардык өлкөлөрүнө, аралыктын алыс-жакын экенине карабай коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу топ катары сыпатталып жатканы “Ислам мамлекети” тобу Сирия менен Иракта экстремисттик аракеттерди ишке ашырууда. Аларга каршы АКШ бийлиги абадан сокку уруп жатат. Бул демилгени онго жакын мамлекет колдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG