Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Эболага каршы жаңы вакцинаны сыноо январда башталат


Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму келерки айларда эболага каршы жаңы вакциналарды сыноодон өткөрөт. Уюмдун өкүлү Мария Пауле Кайнинин маалымдашынча, эки вакцина коркунучтуу илдет чыккан Батыш Африкада январда сыналат. Калган үч вакцина оору катталган аймактан тыш жактарда 2015-жылдын баш ченинен тарта сынала баштайт.

Кайни эболадан айыккан бейтаптын канынан жасалган дары: serum же сары суу бир нече жуманын ичинде Либерияда сатыла баштайт.

Эбола чыккандан бери андан 4,5 миңден ашык адам апаат болду. Алардын көбү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леондон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG