Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Бүгүн Ак илбирс күнү белгиленет


Бул күндү белгилөө тууралуу чечим өткөн жылы Бишкекте өткөн эл аралык форумда кабыл алынган. Ага ак илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келген.

Форумда жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланып, соңунда декларация кабыл алынган.

Эксперттердин эсептөөсү боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстандын аймагын байырлайт.

Бул күндүн алдында кечээ жигердүү жаштар “Биз илбирсти сактап калгыбыз келет” деген аталышта флешмоб өткөрүшкөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG