Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу боюнча отчет берилет


Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды калыбына келтирүүдө башкы подрядчы болгон Эркинбек Меркенбаев менен Дене тарбия жана спорт агенттигинин Улуттук оюндар борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов журналисттерге маалымат жыйын өткөрүшөт.

Касеновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, учурда ат майданын курууга жумшалган каражатты тийиштүү органдар текшерүүдө. Бирок жыйынтык чыкканга чейин алар журналисттерге маалымат берүүнү туура көрүшкөн.

- “Карыз толуп кетти, курулушчуларга акы төлөнбөй калды, акчаны кандай коротту, эмне кылды” деп суроолор көп болуп кетпедиби. Текшерүүнүн экинчи этабы башталды. Эми ал убакытты талап кылат. Ошон үчүн баары эле табышмак боло бербесин, журналисттердин да кабары болсун деп, алдын ала маалымат берип коюуну чечтик.

Сентябрдын ортосунда Чолпон-Атадагы ат майданында өткөн Дүйнөлүк биринчи Көчмөндөр оюнуна карата 800 орундук ат майдан 7 миң киши бата тургандай болуп кеңейтилген. Курулуш иштери үчүн 68 млн. сом бөлүнгөнү кабарланган. Ат майданды оюндарга даярдаган курулушчулар эмгек акысын ушул кезге чейин ала электигин айтып, “Азаттыкка” бир нече жолу кайрылышкан. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG