Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Канаданын премьер-министри Оттавадагы кол салууну айыптады


Кечээ белгисиз адам парламенттин жанында жайгашкан Улуттук аскер мемориалдын жанында ок ачкан. Кол салуунун натыйжасында эки адам каза болуп, дагы үчөө жараат алды.

Кол салган киши парламенттин имаратын да аткылай баштаган. Бул маалда ал жерде премьер-министр Стивен Харпер жыйын өткөрүп жаткан. Белгисиз адам полиция аткан октон ошол жерде көз жумду.

АКШ президенти Барак Обама Стивен Харпер менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Канада элине колдоосун билдирип, Оттавадагы кол салууну кескин айыптады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG