Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Депутаттар төө буурчак жана пахта маселесин аймактарда талкуулашат


Жогорку Кеңештин депутаттары 27-31-октябрь күндөрү аймактарга чыгып, шайлоочулар менен жолугат. Алар негизинен төө буурчак жана пахта баасынын өспөй жатышына байланыштуу маселелерди жеринде талкуулашмакчы. Андан соң жалпы жыйында чечүү жолдору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтылды.

Кыргызстан боюнча быйыл 59 миң гектарга төө бурчак тигилген. Анын бир килосунун баасы 40 сомдун тегерегинде болууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсе арзан.

Ал эми пахта баасы 34 сом. Дыйкандар чыгымды актоо үчүн ак буланын наркын 70 сомго чейин көтөрүү зарылдыгын айтышат. Пахтанын быйылкы жалпы аянты 20 миң гектардан ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG