Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Ошто жарык сегиз сааттан өчүрүлөт


“Ош электр” ишканасы 23-октябрдан тарта Ош шаарында жана облус аймагында электр энергиясы сегиз сааттан, эртең мененки 9дан 17:00гө чейин өчүрүлөрүн эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы муну кышка даярдануу үчүн ремонт иштерине байланыштуу экенин билдирди. Ал эми калаа тургундары буга чейин ушундай өчүрүүлөр болуп жатканын, ансыз да газсыз отурган эл үчүн бул ашыкча түйшүк жаратып жатканын айтууда.

“Ош электр” аймакта электр энергиясын пайдалануу ашыкча болуп жатканын белгилейт.

Электр энергиясын өчүрүү Оштогу негизги көйгөйлөрдүн бири. Өткөн жылы жарыкты өчүрүүнү токтотууну талап кылып, аймактагы журналисттер нааразылык акциясына чыккан. Ошондон кийин жарык үнөмдөө бир аз азайган болчу. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG