Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

“Кагазда” эле соттоло берген Бакиевдер


Максим Бакиев. Лондон. 7-декабрь, 2012-жыл.
Максим Бакиев. Лондон. 7-декабрь, 2012-жыл.

22-октябрь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди жана анын өнөктөштөрү Михаил Надел менен Евгений Гуревичти сыртынан соттоду.

Сот өкүмүнө ылайык, Максим Бакиев өмүр бою, Гуревич менен Надел 25 жылдан эркинен ажыратылды.

Булар "Азия универсал банкы" аркылуу Кыргызстандын Социалдык фондуна тиешелүү 2 миллиард сомго жакын каражатты мыйзамсыз алып чыккан деп күнөөлөнүп, аларга “каржылык мыйзамды бузган”, “алдамчылык менен алектенген” деген беренелер боюнча айып тагылган болчу.

Биринчи Май райондук соту 22-октябрда Максим Бакиев, Евгений Гуревич жана Михаил Наделден мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн 3 млрд. сом төлөтүп алууну да өкүм кылды. Сот чечими айыпталуучуларга сырттан чыгарылды. Анткени соттолгондордун үчөө тең 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетишкен, аларга эл аралык издөө жарыяланган.

Евгений Гуревич.
Евгений Гуревич.

Максим Бакиев өзүнө кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыялангандан көп өтпөй, 2010-жылы жай айларында баш калкалап жүргөн Латвиядан Британияга келип, өз ыктыяры менен британ полициясынын колуна түшүп берген. Ошондон бери ал Британияда деп айтылып келет. Кыргыз бийлиги бир нече ирет аны жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга кайтарууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок. “Бул аракеттерден майнап чыкмак да эмес”,- дейт 2006-2010-жылдары Британияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеген Кубан Мамбеталиев “Азаттыкка”:

- Максим Бакиев качып келгенде мен ошол жерде элчи болуп тургам. Ал Лондонго аны кайтарып бербесин билип туруп, атайын келген. Латвиянын учагы менен келип, аэропорттон полициянын колуна түшүп берген. Аэропортто эле аны адвокаттары да күтүп турушкан.

Британ мыйзамдарына ылайык, өз өлкөсүнөн кылмыш жоопкерчилигинен качып, Британияга баш калкалап барган көптөгөн өлкө жарандарынын ичинде Кыргызстандык жарандар да кайтарылбайт.

- Англияда 1976-жылы кабыл алынган мыйзам бар. Анын негизинде сырттан качып келген жарандарды өздөрү ишенген жана кызматташкан гана өлкөлөргө кайтарып бере алышат. Алар Евробиримдикке кирген мамлекеттер, АКШ болушу мүмкүн. Ал эми Кыргызстан ишенимге кирбеген өлкөлөрдүн ичинде, Орусия да ошондой. Орустар Чеченстандагы согушта кылгандарын видеотасма менен далилдеп беришсе да, Ахмед Закаевди бербей эле коюшпадыбы.

Октябрь айынын башында Кыргызстанга иш сапары менен келген Улуу Британиянын юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс “Азаттыкка” курган маегинде Максим Бакиевдин азыркы макамын ачыктоодон баш тарткан.

Издөөдөгү Максим Бакиев.
Издөөдөгү Максим Бакиев.

Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Ал 2010-жылкы апрель окуясынын алдында өлкөдөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес. Ага коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган болчу. Бул иштери үчүн Максим Бакиев өткөн жылы сот жоопкерчилигине тартылып, 25 жылга кесилген, ал эми анын өнөктөшү Евгений Гуревич 2011-жылы 15 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда жасалган кылмыш иштери үчүн чет мамлекеттерде качып жүргөн бир нече адамга, алардын ичинде Курманбек Бакиевдин өзүнө да сот өкүмдөрү сырттан чыгарылган. Кылмышты жасап, ага эч кандай жоопкерчилик тартпай, өлкөдөн качып, кутулуу кетүү тенденцияга айланып баратканын белгилеген саясатчы Кубатбек Байболов буга мурдагы жана азыркы бийликтин күнөөсү бар деп эсептейт:

- Жазага тартуу үчүн башында чыгарбаш керек болчу. “Бармак басты, көз кысты” кылып, убагында чыгарып жиберишкен. Эми куру дымак кылып, сыртынан жоопко тарткандан эмне пайда? Ар нерсе өз учурунда жасалышы керек, аны ишке ашырчулардын да пейили менен колу таза болууга тийиш.

2005-жылы март окуясынан кийин Кыргызстандан качып кеткен мурунку президент Аскар Акаевге жана ага жакын адамдарга байланыштуу жалпысынан 68 кылмыш иши ачылган. Ошондой эле Аскар Акаевдин уулу менен күйөө баласы баш болгон бир катар кишилерге издөө жарыяланган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын эч кимиси жазасын алыша элек.

Апрель соту.
Апрель соту.

2010-жылы апрель окуясынан кийин “куралсыз элге ок атууга буйрук берген, ок аткан” деген айып менен экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда алардын ичинен 12 адам сот жоопкерчилигине тартылды. Булардын ичинен экс-президент Курманбек Бакиев иниси Жаныш, уулу Марат менен, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов, президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванная сыртынан соттолушкан. Алар менен катар сыртынан соттолгон Максим Бакиев, Евгений Гуревич жана Михаил Надел да кылган кылмыштары үчүн качан жазасын тартышары али белгисиз.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG