Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Аба ырайы: чукул эскертүү


24-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

27-29-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Ош жана Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарынан башка жерлерде жаан жаап, карга айланат. Тоо этектерине кар түшөт. Айрым райондордо катуу жаан болушу мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда -5 градус, пахта талааларында -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Тоолуу райондордо түнкүсүн -20 градуска чейин, күндүз -10 градуска чейин суук болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG