Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Пакистан: кагылышта коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү каза болду


Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер облусунда 23-октябрдагы кагылышта үч согушкер жана коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү каза болду. Пакистан аскерлери бул аймакты радикал топтордон тазалоо операциясын жүргүзүп жаткан.

Хайбер Пакистандын Ооганстанга жакын провинциясы. Талиптер жана «Аль-Каида» менен байланышы бар согушкерлер бул аймакта таасирин күчөткөн. Алар маал-маалы менен Пакистан жана Ооганстанда чабуулдарды уюштуруп келет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG