Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Зордук көргөн балдардын көйгөйлөрү талкууланат


Бүгүн өтчү тегерек стол талкуусу зомбулукка кабылган балдарды аныктоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана бул жааттагы көйгөйлөрдү ачык айтуу максатын көздөйт.

Адистердин айтымында, балдар көп учурда жакындарынын зордук-зомбулугуна кабылат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр балага кордук көрсөткөн 107 факты катталган.

Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар министрликтердин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катыша турган талкууну Кыргызстанда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ассоциация уюштуруп жатат. Терегек стол “Балдарды зомбулуктан чогуу сактап калалы” аттуу маалымат өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүп жатат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG