Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Аймактарда биометрикалык маалыматтар кийинки аптада чогултула баштайт


Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кабарлагандай, ар бир айылда биометрикалык маалыматтарды чогултууга экиден киши тартылат. Тизмелерди райондордун акимдери айыл өкмөт башчылары менен чогуу түзөт. Биометрикалык жабдуулар бардык почта түйүндөрүндө орнотулат.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аягына чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 641 миң адамдан өздүк маалыматтар алынат. Ушул аптанын башында биометрикалык маалыматтар бишкектиктерден чогултула баштаган. Маалымат топтоо 27-августта бийлик адамдарынан башталган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG