Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Нигерияда бомба жарылуусу 5 адамдын өмүрүн алып кетти


Полициянын кабарына ылайык, дагы 12 киши жараат алган. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Бирок акыркы беш жылдан бери Нигериянын Баучи штатында жардырууларды жана адам уурдоолорду “Боко Харам” тобу уюштуруп жүрөт. Аталган топтун согушкерлеринин кол салуулары жалпысынан 10 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

Өткөн аптада экстремисттер Чибок шаарынын жанында дагы бир нече өспүрүм кызды жана аялды уурдап кеткени кабарланууда. Исламчылар кыз-келиндерди издеп, ар бир үйгө кирип чыгышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG