Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Самаковдун ордуна комитет төрагалыгына Нуркулов сунушталды


Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаковдун ордуна “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Уланбек Нуркулов сунушталды. Аталган фракция бүгүнкү жыйынында ушундай чечим кабыл алганын “Азаттыкка” депутат Бактыбек Калмаматов билдирди:

- Комитет “Ата Мекен” фракциясынын квотасына таандык болгондуктан, аны башкарууга Уланбек Нуркуловду сунуштап жатабыз. Буга Самаковдун башка партия түзүп, бизден чыгып кеткени негиз болду, - деди Калмаматов.

Карганбек Самаков быйыл июлда “Ата Мекендин" катарынан чыгып, “Биримдик” деген партия түзгөн. “Атамекенчилердин” чечими тууралуу депутат азырынча пикир билдире элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG