Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Нью-Йоркто эбола вирусун жуктурган биринчи учур катталды


Нью-Йорктук дарыгер Крейг Спенсер Батыш Африкада эбола вирусун жуктурган жарандарды дарылап жүргөн. Ал чек арасыз дарыгерлер уюмунда иштечү. Шаар мэри Билла де Блазио буга байланыштуу маалымат жыйын өткөрүп, кооптонууга негиз жок деп билдирди. Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомонун айтымында, дарыгер Гвинеядан кайтып келгенден кийин көп кишилер менен байланышкан эмес. Аны менен жакын мамиледе болгон үч киши учурда текшерилүүдө. Бул АКШда аталган илдетке кабылган үчүнчү дарыгер болууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, 9 миңдей адам эбола вирусун жуктурса, алардын 4,5 миңге жакыны көз жумду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG