Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 22:58

Оштун көчөлөрүнө 21 видео көзөмөл орнотулду


Ош шаарынын көчөлөрүндөгү беш кесилишке 21 видео көзөмөл орнотулду. Дагы беш жерге орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Аны башкаруу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгында атайын студия иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Шаирбек Шакиров билдирди.

Шаар көчөлөрүн видео күзөт менен камсыздоо долбоору Жапон элчилигинин атайын гранттык программасынын алкагында каржыланган.

Ош шаарынын көчөлөрүндө 38 кесилиш бар. Видеобайкоо жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоого жардам берет. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG