Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

Каримов Түркмөнстанга барды


Өзбекстан президенти Илсам Каримов Түркмөнстандагы расмий сапары учурунда Гурбангулы Бердимухаммедовду “Эгемендик” ордени менен сыйлады. Орден эки өлкө ортосундагы достукту, кызматташтыкты жогорку деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн берилди.

Эки тараптуу негизги сүйлөшүүлөр бүгүнкүгө, 24-октябрга белгиленген. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Ашхабадга барган өзбек лидерин Түркмөнстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.

Ислам Каримов буга чейин расмий сапар менен Түркмөнстанга 2012-жылдын март айында барган. (КЕ/SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG