Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

УКМК радикалдашууга каршы окууларды өткөрүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү диний радикалдашуунун алдын алуу боюнча өлкө аймагындагы окуу жайларда лекцияларды уюштурууда. Октябрдын башынан бери жүрүп жаткан өнөктүккө 1500дөн ашуун студент жана мугалимдер тартылганын атайын кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Өнөктүк Сирия жана Ирактагы кырдаал жана ал жакка азгырылып кетип жаткандарды азайтуу максатында уюштурулган. Лекцияларда негизинен, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун идеяларына ишенбөө тууралуу кеңештер айтылып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандан Сирияга согушка кеткендердин саны 150 чамалуу. (SE)

XS
SM
MD
LG