Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Кыргызстан эл аралык электр байланыш бирикмесинин жыйынына катышууда


Конференция Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Эл аралык электр байланыш бирикмесинин Жогорку Кеңешинин катчысы, орунбасары жана комитет төрагалары шайланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызтелеком” ишканасынын башчысы Алмаз Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, бул конференцияга катышуу Кыргызстанда телекоммуникация өнүгүшүнүн далили жана эл аралык деңгээлдеги кызматташууларга жол ачуучу кадам болуп эсептелет. (JsO)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG