Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

УЕФА Сербия-Албания футбол оюну боюнча чечимин чыгарды


УЕФА өткөн аптада Белградда ызы-чуудан улам токтотулган “Евро-2016” тандоо матчы боюнча чечимин чыгарды. Ага ылайык, 3:0 эсебинде Сербия Албанияны утканы белгиленген. Ошол эле убакта Сербиянын 14-октябрдагы үч упайы алынып салды.

Өткөн аптада Албания менен Сербиянын футболчулары беттешкен. Оюндун биринчи жарымында футболчулар, кийин күйөрмандар ортосунда уруш чыккан. Оюн соңуна чыкпай, токтотулган. Буга байланыштуу эки өлкөнүн Футбол федерацияларына 105 миң доллар айып пул салынды. Кийинки оюн күйөрмандарсыз өтмөй болду. Албания УЕФАнын чечимин талаша турганын билдирүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG