Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Париж соту өкмөттү 16 миллион долларга доого жыкканы кабарланууда


Париждеги Арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16, 5 миллион доллар доого жыгуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Belokon Holdings ишканасына шилтеме берип, латвиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Валерий Белокон “Манас” банкы боюнча анын менчик укугу зыянга учурады деген доо коюп, эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Париж арбитражы ишти карап, кыргыз бийликтеринин чечими мыйзамсыз болгон деп таап, өкмөттү 16,5 миллион доллар доого жыкты. Бул иш боюнча өкмөт комментарий бере элек.

Латвиянын жараны Валерий Белокон мурунку президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин ишкердиктеги өнөктөшү катары белгилүү болчу. Ал Бакиев бийликте турган учурда Бишкек “Манас” банкын түптөгөн. 2010-жылы Апрел окуясынан соң Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекетке алып, тыштан башкаруучу киргизген эле.

Акыркы учурда эл аралык соттордо кыргыз өкмөтүнө каршы доо көбөйүп жатат. 14-октябрда Stans Energy компаниясынын доосунун негизинде Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган. Андан мурда эл аралык сот Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасы боюнча түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясынын арызынын негизинде өкмөттү 11 миллион доого жыккан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG