Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

“РОСНАНО” компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго кызыкты


Орусиялык “РОСНАНО” компаниясы Кыргызстанда нанотехнология жаатында бир нече долбоор баштоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган компания өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугушууда билдиришти. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда «РОСНАНОнун” өкүлдөрү нанотехнология жаатына долбоорлор менен Кыргызстанга келүүгө жана илимий жаатта көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Буга чейин аталган компания “Манас” аэропортунда эл аралык хабга айлантуу долбооруна да кызыкканын билдирген. “РОСНАНО” менен өкмөт ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG