Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

АКШда эки штатта эболадан коргонуу үчүн карантин жарыяланды


АКШдагы Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарынын бийликтери эбола илдетинен коргонуу үчүн карантин жарыялады. Бул тууралуу жума күнү аталган штаттардын губернаторлору билдирди. Маалыматка ылайык, Батыш Африкадагы эбола илдетин жугузгандар менен байланышта болгон бардык адамдар текшерилип, карантин алдында болот. Батыш Африкадан келген жүргүнчүлөр кошумча текшерүүлөрдөн өтөт.

Үч жумалык карантин аталган илдетти жугузган адамды текшерген дарыгерлерге да тиешелүү.

Кечээ Нью-Йоркто эбола вирусун жуктурган биринчи учур катталган. Илдетти жугузган дарыгер Крейг Спенсер Батыш Африкада эбола вирусун жуктурган жарандарды дарылап жүргөн. Ал "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунда иштечү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, тогуз миңдей адам эбола вирусун жуктурса, алардын 4,5 миңге жакыны көз жумду.

XS
SM
MD
LG