Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Иран: чалгынчынын өлүмүнө шектелген аял дарга асылды


Иранда ишембинин таңында, 26 жаштагы Рейхан Жабарри жогорку өлүм жазасына тартылып, дарга асылды. Ага 2007-жылы Ирандын Чалгындоо министрлигинин мурдагы кызматкерин өлтүрдү деген айып тагылган.

Аялдын өлүм жазасына тартылганын өлкөнүн ИРНА маалымат агенттиги Тегеран прокурорлоруна шилтеме жасап кабарлады. Буга чейин социалдык тармактарда Рейхан Жаббарини колдогон ар кыл кампаниялар өткөрүлүп келген.

Укук коргоочу уюмдар, анын ичинде Бириккен улуттар уюму да Жаббаринин өзүн-өзү коргоо максатында бул ишке барганын билдирип, өлкө бийлигин аялды өлүм жазасына тарпоого чакырган. Жаббари 2007-жылы чалгын кызматкери Мортезу Абдолали Сарбандини өлтүргөн деп шектелген.

Укук коргоочулар тергөө иштери жана сот жараяны көптөгөн кемчиликтер менен өткөнүн айтышууда.

БУУ Иранда 2014 –жылы эле 250дөн ашык адам өлүм жазасына тартылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG