Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу талкууланды


Ушул күндөрү Түркмөнстанда иш-сапар менен жүргөн вице-премьер-министр Валерий Диль өлкө президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы экономика, соода жана маданият тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү талкууланды. Ошондой эле энергетика тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Буга чейин кыргыз өкмөтү быйылкы кыштагы электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу үчүн Түркмөнстандан электр кубатын сатып алуу пландалып жатканын айтышкан. Бул үчүн өкмөт өкүлдөрү Ашхабадга барып, электр энергиянын көлөмүн жана наркын сүйлөшөрү айтылган эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG