Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

AI Аблязовду экстрадициялоону токтотууга чакырды


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму казакстандык банкир жана оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовду Франциядан Орусия же Украинага экстрадициялоону токтотууну талап кылган билдирүү таратты.

Уюмдун өкүлү Жулия Холлдун айтымында, Аблязовду Орусияда адилетсиз сот күтүп турат жана ал Казакстанга өткөрүлүп берилери шексиз. Ал эми Казакстанда ал кыйноо жана орой мамилеге тушугат.

«Орусия менен Казакстандын атайын кызматтарынын алакасы баарына маалым. Франция бийлиги Аблязовду Казакстанга өткөрүп сала турган өлкөгө экстрадициялабаш керек» деп жазылат уюмдун кайрылуусунда.

24-октябрда Франциянын Лион шаарынын соту Орусия жана Украинанын өтүнүчүн канааттандырып, Мухтар Аблязовду экстрадициялоо чечимин чыгарган.

Бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов өткөн жылдын жай айында Франциянын түштүгүндө камакка алынган.

Казакстан, Украина жана Орусиянын бийликтери аны БТА Банктан миллиарддаган долларларды уурдаганы үчүн айыптап келишет.

Аблязов өзү бул айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG