Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

ЕККУ Украинадагы шайлоого Москвада да көз салууда


ЕККУ байкоочулары Украинадагы шайлоого Москвада да байкоо салышат. Бул тууралуу уюмдун атайын координатору, швед парламентинин депутаты Кент Харстед билдирди. Анын айтымында, ЕККУнун байкоочулары алгачкы ирээт Украинанын өзүндө эле эмес, Москвада да Орусиядагы 3 миллионго жакын украиналыктын добуш берүүсүнө көз салып турат.

Украиндагы шайлоого көз салуу үчүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан жалпысынан жети жүздөй байкоочу келген.

Бүгүн, 26-октябрда Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо башталды. Шайлоого 29 партия ат салышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG