Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Ооганстанда секелекти зордуктаган молдо жыйырма жылга соттолду


Ушул жылдын башында Ооганстанда мечиттин ичинде он жаштагы секелек кызды зордуктаган молдону сот жыйырма жылга кести.

Кордолгон секелекти укук коргоо уюмдары дароо коргоого алып, бир нече ай жашырып келишкен. Себеби укук коргоочулар кыздын туугандары “үй-бүлөнүн намысына шек келтирди” деген шылтоо менен анын өмүрүнө кол салат деп кооптонушкан.

Ооганстандагы аялдар укугун коргоо уюмдарынын өкүлдөрү бул убакыттын ичинде кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, кызын коргоп сотко келүүгө ынандырышты.

Айрым укук коргоочулар молдого чыгарылган өкүмгө нааразы болуп, кылмышкер өлүм жазасына татыктуу экенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG