Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Порошенко шайлоого Донбасстан көз салууда


Жогорку Радага шайлоо жүрүп жаткан күнү Украина президенти Петро Порошенко Донбасска келди. Бул тууралуу журналисттерге анын жубайы Марина Порошенко билдирди. Анын айтымында президент аймактагы добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салуу үчүн жөнөп кетти.

Орусиячыл козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарындагы айрым шайлоо бекеттери ачылган жок.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, Донецк облусундагы жыйырма бир шайлоо аймагынын тогузунда, ал эми Луганск облусундагы он бир шайлоо аймагынын алтоосунда добуш берүү жүргүзүлбөйт.

Жогорку Рададагы 450 орунга 29 партия ат салышууда. Алардын ичинде «Петро Порошенконун блогу», Олег Ляшконун улутчул партиясы, премьер-министр Арсений Яценюк менен Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчиновдун партиялары да бар. Украинада 30 милиондон ашык жаран добуш берүүгө укуктуу. Шайлоонун жүрүшүнө көз салып, 600дөй эл аралык байкоочу жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG