Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Кыргызстан кургак учук боюнча “кара тизмеде”


Дүйнө жүзүндө бул дарттын оор формасына чалдыккандардын 20 проценти чылым тартуудан улам экени аныкталган.
Дүйнө жүзүндө бул дарттын оор формасына чалдыккандардын 20 проценти чылым тартуудан улам экени аныкталган.

Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгүндө кургак учук таякчасы бар, бирок бул илдет өрчүп кеткендердин саны былтыр 9 миллион киши болуп, бир жарым миллиону каза тапты.

Алардын ичинен 360 миңи ВИЧке чалдыккандар болгон. 1990-жылдарга салыштырмалуу кургак учуктан каза болгондордун саны 2014-жылдагы статистика боюнча 45 пайызга азайган. 2000-жылдан бери кургак учук диагнозу коюлган 37 миллион адам бул илдеттен сакайып чыккан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы маалыматтары боюнча, кургак учукка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн атуулдары көп кабылууда. Жугуштуу оорулардын ичинен бул илдет адам өмүрүн эң көп алган алдыңкы сапта турат. Дүйнөдө үч миллионго чукул киши жыл сайын кургак учуктан жабыркап, бирок эч жерде каттоого алынбай, дарылануудан өтпөгөндөн улам каза тапкандардын саны арбын. Алардын көбү Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын тургундары деп билдирет Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Жылына кургак учукту дарылап, дартты аныктоого 8 миллиард АКШ доллары керек. Бирок бул сумма азырынча 2 миллиард гана болууда.

Кыргызстанда кургак учуктун оор формасы менен 6 миӊ киши катталып, дарыланып жатат. Илдеттин мындай кеӊири тароосу калктын саламаттыкка кайдыгер мамиле жасап, бир жылда бир ирет өпкөсүн рентгенден текшертпей, өздүк гигиенага кош көӊүл карап жатканынан улам дешет адистер.

Бишкек шаарынын тургуну, беш баланын апасы Гүлзат Абдыкеримова да турмуштун айынан оор жумушта иштеп жүрүп, иммунитети түшүп, кургак учуктун оор түрү менен ооруканада экен:

- Өзүм беш балалуу болгондон кийин тырышып, күнү-түнү иштедим да. Анан ач каласың, ток каласың, үйдө отурбагандан кийин маалында тамактанбай калдым. Ошентип жүрүп, иммунитетим түшүп кетсе керек. Анын үстүнө жүрөгүмдө да оорум бар, кан басымым төмөн. Ошентип жүрүп, бул оорунун эң оор формасына чалдыктым.

Флюрограмма, же өпкөнү рентген нурлары менен текшертүүдөн 16 жаштан жогорку атуулдар бардыгы жылына бир жолу сөзсүз өтүп турушу керек. "Кургак учуктун алгачкы симптомдору кадыресе сасык тумоого окшош болгондуктан, жуктуруп алган адам ыкшып жөтөлүп, баспай калгыча үйүндө жата берет",- дейт Бишкек шаардык Кургак учукту дарылоо диспансеринин дарыгери Чынара Ажыбаева:

- Алгач оорулуу бул илдетти жуктуруп алганын сезбейт. Бирок арыктай берет, алсырай берет. Ошентип билбей эле жүрө берип, такыр ыкшып жөтөлүп, баспай калганда араң рентгенге түшүп, анан ошондо билет. Негизи флюрограммага бир жылда бир ирет текшерилип туруш керек. Бизде бардык бейтапканаларда рентген аппараттары бар. 16 жаштан жогорку атуулдар бир жылда жок дегенде бир жолу текшерилсе, мындай акыбалга туш болбойт эле. Айрыкча окууга тапшырган өспүрүмдөр маалымдама кагаздарын сатып албай, эринбей барып рентгенден өтүп турса, жаштар арасындагы кургак учук азаймак.

Азыркы мезгилде кургак учук айрыкча жаш жигиттер арасында көп катталууда. Мунун себеби өздүк гигиенаны сактабагандыкта экенин айтып кейиди Ажыбекова:

Кургак учуктан жабыркаган украиналык жаран. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Кургак учуктан жабыркаган украиналык жаран. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

- Түкүрүп кетишет, ал болсо шамал менен аба аркылуу соо кишиге жугат. Бул кургак учуктун таякчасы ысык менен суукка өтө туруктуу келет. Же болбосо азыр жаштардын көбүндө бир бөтөлкөдөн баары кезектешип ичкен адаттары бар. Ар кимдин бөтөлкөсү өзүнчө болуп, жеке гигиена сакталышы шарт. Колду ар дайым кир самын менен таза жууп туруш керек. Кир самын кургак учуктун таякчасын өлтүрө турган микро-заттарга бай. Кургак учуктан тырмак менен эле чач жабыркабайт. Кишинин калган организми бүт зыян тартат, териден тарта сөөккө чейин, ички органдардын баары азапка кабылат.

Кургак учук жуктуруп алуу коркунучу кимдерде көбүрөөк кездешет деген суроого Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көбүн эсе эмгекке жарамдуу курактагы жаштар деген аныктама берген. Айрыкча өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөрдө туберкулез барган сайын жашарууда. Андан тышкары, ВИЧ-СПИД менен ооругандарда бул илдет 26-31 эсеге көп кездешет. 2013-жылы ВИЧ диагнозу коюлган 14 жашка чейинки 80 миң бала кургак учуктан каза тапкан.

Чылым тартуу да кургак учуктун өрчүшүнүн бирден бир себеби. Дүйнө жүзүндө бул дарттын оор формасына чалдыккандардын 20 проценти чылым тартуудан улам экени аныкталган.

Кургак учуктан сактануу өнүккөн өлкөлөрдө улуттук кызыкчылык катары каралган. Маселен, Британия жакында эле жакыр өлкөлөрдөн өзүнө барчу кишилерди флюрограммадан өтүүнү визалык талаптын бирине кошуп, опурталдуу өлкөлөрдүн тизмесин чыгарды. Бул тизмеде Кыргызстан да бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG