Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Аба ырайы: чукул эскертүү


27-29-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы айыл-чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

27-октябрда Кыргыз Республикасында күтүлгөн аба ырайы:

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 4…9

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,

27-октябрда Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1 градус сууктан …1 градуска чейин жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG