Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Ооганстан: АКШ менен Британиянын аскерий операциялары жыйынтыкталды


Жекшембиде Ооганстандагы америкалык деңиз аскерлеринин жана британ аскерлеринин согуштук операциялары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильмент чөлкөмүндөгү эл аралык коалиция күчтөрүнүн штабында АКШ менен Британия туулары түшүрүлдү. Америкалык аскерлери ооган бийлигине аймактагы эң чоң деп эсептелген “Лезернек” гарнизонун өткөрүп беришти. Андан алыс эмес жайгашкан британдыктардын “Бастион” базасы дагы оогандыктардын карамагына өттү.

Ушул жылдын жазында НАТО баштаган эл аралык күчтөр жыл этегине чейин Ооганстандан аскерлердин басымдуу бөлүгүн чыгарып кетерин билдиришкен.

Эл аралык күчтөрдүн аскерлери Ооганстанга 2001-жылы киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG