Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Украинанын чыгышында шайлоо күнү бир катар ок атуулар болду


Ок атуучу курал колдонулган аткылоолор Донецк жана Луганск облустарындагы украин аскерлери жайгашкан аймактарда катталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы УНН агенттигине шилтеме берип маалымдады.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Владимир Полевой ок атуулар Донецк аэропортунун аймагында жана Луганск облусунун Камышанов айылында катталганын, андан украин аскерлеринен эч ким жараат албаганын билдирди.

Ал арада «Интерфакс-Украина» агенттиги Украинанын коргоо министринин орун басары Петр Мехеддин сөзүнө таянып, өлкө чыгышында соңку 24 саатта 18 жолу ок атылганын жазып чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG