Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болот


Сүйлөшүү 28-октябрдан тарта Баткенде жүргүзүлөт. Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо боюнча иштер улантылмакчы. Анын айтуусунда чек араны тактоо иштери чатактарга, жол, көпүрө маселесине байланыштуу солгундап кеткен.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн 970 чакырымды түзгөн чек ара тилкесинин 567 чакырымы такталган. Чек ара такталбаганына байланыштуу аймакта ар кандай чыр-чатактар чыгып келет.

Сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында болгон жолугушууда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин жогорку деңгээлде чечүүнү сүйлөшкөн. Алар чек араны тактоо иштерин тездетүүнү, чек арада чыккан чатактарды териштирүүнү жана буга чейин кабыл алынган келишимдерди так сактоону өкмөттөр аралык комиссияга тапшырган.

XS
SM
MD
LG