Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Ооганстандагы АКШ жана Британиянын аскер базалары ооган күчтөрүнө өттү


Американын деңиз-жөө аскерлери жана британ аскер күчтөрү Түштүк Ооганстандагы эң ири аскер базаларды Ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берди. Гильмендеги негизги “Лезернек” аскер гарнизону жана андан алыс эмес жайгашкан британдыктардын “Бастион” базасы 26-октябрда оогандыктардын карамагына өттү. Бул Британиянын Ооганстандагы акыркы базасы болчу. Аларга 2015-жылдан тарта Ооганстандын Улуттук армиясы жайгашмакчы.

Мурда кабарлангандай, НАТО баштаган антитеррордук күчтөр жыл аягына чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетишет. Коопсуздук келишимдерине ылайык, Ооганстанда он миң АКШ аскери гана калат.

Эл аралык күчтөрдүн аскерлери Ооганстанга 2001-жылы киргизилген.

XS
SM
MD
LG