Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:54

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жылуулук берилет


Жылуулук берүү шаардагы бала бакча, оорукана, мектеп жана башка социалдык объектилерден башталып, турак-жайларга өтөт. Шаардык жылуулук борборунун башкы инженери Нурлан Өмүркул уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жалпысы сегиз меш казан иштеп жатат:

- Жылуулук борборуна бир жылдык керектөө үчүн 1 млн. 58 миң тонна көмүр керек. Азырынча анын 108 миң тоннасы алынды. Мурдагы жылга салыштырмалуу көмүр азыраак алынганына карабай, кышкы жылуулук берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Быйылтан тарта жылуулук борборундагы жабдыктарды жаңылоо иштерижүрүүдө, модернизациялоо 2017-жылга чейин уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG