Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Атамбаев шайлоо мыйзамдарын тактоону тездетүүгө чакырды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоого бир жыл гана убакыт калды. Бул убакыт аралыгында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ал боюнча коомчулук маалыматка ээ болушу керек.

- Шайлоого бир жыл калды. Бул жараянды өткөрүү эрежелери тууралуу эл эртерек маалымат алышы керек. Бул маселени кечиктирүү туура эмес болот. Ошондуктан бүгүн бул боюнча бир чечимге келишибиз керек, - деди Атамбаев.

Бүгүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2015-жылдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулап жатат. Буга чейин шайлоо мыйзамдарындагы округдарды түзүү боюнча талаш чыккан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG