Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Президент мажоритардык шайлоо системасына каршы экенин билдирди


Буга чейинки эрежелерди негиз кылып алып гана шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө баруу керек. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтты. Ал мажоритардык ыкма менен депутаттарды шайлоого каршы экенин кошумчалады. Ошондуктан 2015-жылдагы шайлоодо учурдагы мыйзамдарды негиз катары алып, айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Алардын арасында өлкө башчы шайлоо катышчу партиялардын санын чектөөнү атады:

- Шайлоо мыйзамындагы чекиликтен улам президенттик шайлоого оорукчандар да талапкерлигин коюп жатышат. Алардын бир эле максаты бар, ал телекөрсөтүүдөн бекер чыгып, элге көрүнүп калуу, - деди Атамбаев.

Бүгүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2015-жылдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулап жатат. Буга чейин шайлоо мыйзамдарындагы округдарды түзүү боюнча талаш чыккан.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG