Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Атамбаев Кумтөрдүн акцияларын камакка алууну оюн деп атады


Президент Алмазбек Атамбаев “Центерра голддогу” Кыргызстандын акцияларын камакка алган Канада сотунун чечимин оюн деп атады. Бул тууралуу өлкө башчысы туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Москвадагы арбитраждын канадалык Stans Energy компаниясынын доо арызын кароого укугу жок болчу. Москва арбитражынын чечимине таянып, Канаданын Онтарио соту Кумтөрдөгү Кыргызстандын акцияларын камакка алганы туура эместигин айткан Атамбаев:

- Менин оюмча, Канаданын соту муну билген. Бирок бул жерде оюн жүрүп жатат. Эгер Канада тарап дал ушинтип Кыргызстанды тоной берүүнү улантса, анда биз Кумтөр боюнча чечкиндүү чараларды көрөбүз, - деп эскертти.

Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде өткөн аптада Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган болчу. Кыргыз өкмөтү бул чечимди туура эмес деп, өткөн аптада Канадага доо арыз жолдоду.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG