Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Кыргызстан эл аралык сотто үчүнчү ирет утулду


Кыргыз өкмөтүн сотко берген компаниялардын саны онго чукул. Алардын Кыргызстанга койгон доосунун жалпы суммасы 1 млрд. доллардын тегерегинде. Сүрөттө: "Ак-Кеме" мейманканасы.
Кыргыз өкмөтүн сотко берген компаниялардын саны онго чукул. Алардын Кыргызстанга койгон доосунун жалпы суммасы 1 млрд. доллардын тегерегинде. Сүрөттө: "Ак-Кеме" мейманканасы.

Кыргыз өкмөтү эл аралык арбитраждарда катары менен утулууда. Кезектеги сот чечими өткөн жума күнү чыкты.

24-октябрда Париждеги эл аралык арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун пайдасына 16.5 млн. доллар төлөп берүүгө кыргыз өкмөтүн милдеттендирди.

Максим Бакиевдин өнөгү саналган Белоконь Бишкектеги “Манас" банкынын ээси болгон. Соттук териштирүүлөр боюнча өкмөттүк борбордун жетекчиси Тимур Шамбетовдун 27-октябрдагы “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, кыргыз өкмөтүнүн Париждеги эл аралык арбитраждын чечимдери тууралуу маалыматы бар. Бирок Валерий Белоконь менен соттошууларга байланыштуу толук маалымат азырынча берилбейт:

- Биз билип жатабыз. Өзүбүздүн аракетибизди кылып жатабыз. Өзүбүзчө бюрократия бар. Ал документте "Белоконь менен соттошкондо, кызматтык пайдаланганга" деген гриф менен маалыматтар бар.

Латвиялык ишкер Валерий Белконь 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда пайда болуп, 2008-жылы Бишкекте “Манас" банкын ачкан. Ал Максим Бакиевдин өнөктөшү катары коомчулукка маалым болгон.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин “Манас" банкы Максим Бакиевге жакын банктардын тизмесинде болуп, Улуттук банк тарабынан консервацияланган.

Өз кезегинде Валерий Белоконь банкты курууга кеткен чыгымды төлөтүп алуу максатында Париждеги эл аралык арбитражга кайрылган. Бул сот 24-октябрдагы чечими менен кыргыз өкмөтүн ишкерге 16.5 млн. доллар төлөп берүүнү милдеттендирди.

“Манас" банкынын консерватору Саадат Жаныбекованын жардамчысы Анетта Форсобинанын маалымдоосуна караганда, консервациялоо режими 30-октябрда аяктайт:

- Бизде азыркы кезде консервация режими иштеп турат. Ал 30 -октябрга чейин созулат. Улуттук банктын башкармалыгынын жыйынында банктын андан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алынат.

Банктан маалымдашкандай, Улуттук банктын башкармалыгынын жыйыны шаршемби күнү болот.

Кыргыз өкмөтү буга чейин да эл аралык арбитраждарда утулууларга дуушар болгон. Адегенде, түркиялык “Систем мүхендислик” “Ак кеме” мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн утуп, “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акцияларын камакка алууга жетишкен. Өкмөт жана “Кыргызалтын” түрк компаниясына 11 млн. 400 миң доллар которуп берип, акцияларды абактан чыгарганы маалымдалган.

Андан кийин канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясы сейрек кездешүүчү Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүн Москвадагы арбитражга берип, 118 млн. долларга утуп алган. “Стэнс энержи корп” соттун чечимин аткартуу максатында Канаданын Онтарио провинциясынын сотуна кайрылып, “Центеррадагы” Кыргызстандын 47 млн. даана акциясын камакка алууга жетишкен. Башкача айтканда, андагы Кыргызстандын 60 пайыз акциясы камакка алынган.

“Кыргызалтын” ишканасы 14-октябрда “Стэнс энержи корптун” пайдасына чыккан чечимди мыйзамсыз деп, Канаданын сотуна кайрылды. Бирок Канада соту маселени качан карары азырынча белгисиз.

Мындан сырткары Кыргызстан Жерүй кени боюнча дагы соттошууга камданууда. Белгилүү болгондой казакстандык “Визор” аттуу компания Жерүй боюнча кыргыз өкмөтүн Инвестициялык талаштар боюнча эл аралык арбитражга берген. Койгон доосунун өлчөмү 400 млн. доллар. Бул соттук териштирүү боюнча АКШ, Франция жана Бельгиянын судьяларынан турган коллегия түзүлүп, алар ишти кароого даярдык көрүп жатышканы маалым.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтүн сотко берген компаниялардын саны онго чукул. Алардын койгон доосунун жалпы суммасы 1 млрд. доллардын тегерегинде.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG