Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Ишкер Алкановдун абалы оор бойдон калууда


Таласта бычак жеген ишкер Райкан Алкановдун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишкер учурда Талас облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор, бирок туруктуу. Ишкерди борбордогу ооруканага которуу азырынча мүмкүн эмес.

Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ага операция жасалды. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришүүдө.

Райкан Алкановго 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Укук коргоо органдары кол салуунун жагдайы жана шектүүлөр аныкталып жатканын буга чейин билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG