Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Порошенко "Элдик майданды" негизги өнөктөш деп атады


Украинадагы парламенттик шайлоодо европачыл партиялар ишенимдүү жеңди. Бүгүн алдын ала жарыяланган маалыматтар боюнча, президент Петро Порошенконун блогу 21, 6 % жана премьер-министр Арсений Яценюктун "Элдик майданы" 21.7 % добуш алды. Алардын жеңиши өлкөдөгү саясый стабилдүүлүктү жакшыртат деп боолгонууда.

Добуштардын үчтөн бирине жакыны саналгандан кийин дагы бир европачыл партия-“Самопомощь” 10, 8 % добуш алганы дайын болууда.

Кечээ Киевдеги маалымат жыйынында Арсений Яценюк жаңы коалиция Евробиримдик менен кол коюлган Ассоциациялык келишимдин негизинде түзүлөт деди.

Петро Порошенко жаңы коалиция боюнча негизги өнөктөш – "Элдик майдан" менен 27-октябрда башталарын билдирип, буларга токтолду: "Мыйзамда каралган 10 күн парламенттик шайлоонун корутунду жыйынтыгын жарыялоого жана премьер-министр, парламент төрагасы, өкмөт мүчөлөрү жана бардык парламенттик комитеттер менен мүмкүн болчу сүйлөшүүлөрдү бүткөрүүгө толук жетет деп ишенем. Мен президент катары өз конституциялык укугума ылайык, болочок парламенттик коалиция премьер-министрликке сунуш кылган талапкерди шыр бекитем.”

XS
SM
MD
LG