Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Сузак: көк бөрүдөгү чырдан бир адам каза болду


Сузактын Алмалуу айылындагы көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза болду. Бул тууралуу аталган райондун милиция башчысы Нурбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, Алмалуу айылынын бир тургуну атасына аш берип, көк бөрү уюштурган. Оюн бүткөндөн кийин Алмалуу айылынын тургуну Бакай Айтиев менен коңшулаш Жаңы-Ачы айылынын тургуну Кыял Карабаевдердин үй-бүлөсү чырлаша кеткен. Анда Айтиевдер Кыял Карабаев жана анын эгиз инилери Асан менен Үсөндү ур-токмокко алган. Алган жараттан улам Кыял Карабаев эсине келбей каза болду. Ал эми инилери учурда ооруканада.

Бул боюнча кылмыш иш козголду. Бирок кылмышка шектелген адамдар жараат алдык деп ооруканага жатып алган. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.(BkA/EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG