Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Оторбаев ИИМде реформа жүрбөй жатканын сынга алды


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ички иштер министрлигинде реформа ордунда токтоп турганын айтты. Бул тууралуу өкмөт башчы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт ички иштер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга аракет көрүп, акыркы эки жылда айлык-акыны көтөрүү үчүн эки миллиард сом кошумча бөлгөн. Бирок буга карабай тармакта реформа жүрбөй жатат.

- Калктын милицияга ишеними төмөн бойдон калууда. Министрликтин жаңы жетекчилиги кыска убакыт ичинде тармакта кардиналдуу реформаларды ишке ашырышы керек, - деди Оторбаев.

Өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана ички иштер органдарын реформалоо маселеси көптөн бери эле талкууланып келе жатат. Бул боюнча өкмөттө бир нече жумушчу топ түзүлүп, талкуулар өткөн. Бирок жарандык коом жана укук коргоочулар реформанын жыйынтыгы болбой жатканын сынга алып келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG