Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Казакстанда дагы бир министр камакка алынды


Казакстандын чек ара кызматынын башчысы Нурлан Жоламанов кызматын кыянат пайдаланган деп шектелип, 27-октябрда камакка алынды. Коомчулук үчүн башка эч кандай маалымат жасалбады.

Акыркы эки жылда Казакстанда бир нече мурдагы мартабалуу чиновник пара алган деген жүйөө менен кармалган. Алардын айрымдары узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. 16-октябрда Айыл чарба министринин мурдагы орун басары Муслим Умираев 100 миң доллар пара алганы үчүн 10 жылга соттолду. Июлда Антимонополия агенттигинин башчысы Мурат Оспанов 200 миң доллар пара алган деген шек менен камакка отургузулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG