Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


27-29-октябрда жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 0…-5 градус суук (пахта себүүчү аймактарда -1…-3 градус үшүк жүрөт), күндүз 0…5 градус жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -2…+3 болушу күтүлөт.

Аба ырайы:

28-октябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондордо туман түшөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...1,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...-5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-3, күндүз 0...5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз-3...5,

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын ыктымалы аз, туман түшүп, жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -6…-8, күндүз 0...-2 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG