Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Пакистан армиясы кеминде 25 согушкерди жок кылды


Алардын төрт турак жайы абадан урулган соккуда кыйратылды. Согушчандарга сокку 27-октябрда Ооганстанга чектеш Түндүк Вазиристандын Датта-Хел аймагында урулду деп маалымдады Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилиги. Авиачабуулда он согушкер жарадар болгон.

Быйыл июнда Пакистан армиясы Түндүк Вазиристанда талиптерге жана башка козголоңчуларга каршы авиация, артиллерия жана механизацияланган жөө аскерлердин жардамы менен атайын жортуул баштаган. Расмий маалымдалгандай, операция учурунда бир миңден көп согушкер жок кылынган, 100дөй солдат катардан чыккан. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар тастыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG