Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Баррозу: Украинадагы парламенттик шайлоо демократиянын жеңиши


Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Украинадагы парламенттик шайлоону демократиянын жеңиши деп баалады. Ал 27-октябрда Твиттерде Украин элин демократиянын жеңиши менен куттуктап, "эми өлкөнүн күн тартибинде европалык реформа турат" деп жазды.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасиндин айтымында, "өнөктүк катаал жана булганч болгону менен шайлоо болду. Эми Украин парламенти-Жогорку Раданын алдында коомдогу бардык топтор менен диалог жүргүзүү милдети турат". Бул жөнүндө ИНТЕР ФАКС агенттиги кабарлады.

ЕККУнун атайын координатору Кент Харстеддин билдиришинче, Украинада 26-октябрда болгон парламенттик шайлоо жарандарга чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, фундаменталдык эркиндиктерин урматтоо менен өттү. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн өкмөт конструктивдүү болуп, чатакташууну ырбатпайт деген үмүтүн билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, президент Петро Порошенконун блогу 21, 6 % жана премьер-министр Арсений Яценюктун "Элдик майданы" 21.7 % добуш алды. Добуштардын үчтөн бирине жакыны саналгандан кийин дагы бир европачыл партия-“Самопомощь” 10, 8 % добуш алганы дайын болууда.

XS
SM
MD
LG